Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Согушта курман болгон жоокердин буюмдары баласына берилди


Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз болуп эсептелип келген кыргыз жоокери Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүлүп берилди.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз болуп эсептелип келген кыргыз жоокери Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүлүп берилди.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз жоголгон деп эсептелген кыргыз жоокери Балтабай Борошевдин жеке буюмдары анын уулу Жээнбай Балтабаевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Москвадагы жумушчу сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Алар мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган жана майданда дайынсыз болуп кеткен Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен. Кыргыз жоокеринин сөөгү Смоленск облусунда Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Жоокердин буюмдарын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG