Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:06

300 миңге жакын киши социалдык жөлөкпул алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жакыр жашаган 300 миңдей киши мамлекеттен жөлөкпул алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айтты.

- Жалпысы 300 миңге жакын адамга социалдык жөлөкпул берилип жатат. Жакырчылыкты жоюудагы башкы максатыбыз жарандарды иш менен камсыз кылуу болуп турат. Бул багытта өлкөдө бир нече социалдык долбоорлор иштеп жатат, - деди Өмүрбекова.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстанда 1 миллион 601 миң киши жакырчылыктын чегинде жашайт. Алардын 72 пайызы аймактардын тургундары. (BCh)

XS
SM
MD
LG