Кыргызстандын Финансылык чалгын кызматы Дубайда кымбат турак жай сатып алган кыргызстандыктар тууралуу толугураак маалымат алыш үчүн Бириккен Араб Эмиратына атайын кат жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн Финансылык чалгын кызматынын башчысы Айбек Кадыралиев парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди:
- Биз маалымат чыккандан кийин Араб Эмиратына, Дубайга азыр кат даярдап жатабыз. Кайсы жарандар боюнча маалымат табышканын жана турак жай кайсы булактан алынганы тууралуу маалымат аныкталган-аныкталбаганын сурайбыз.
Өткөн аптада Европада жайгашкан Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө борборунун жаңы баяндамасын жарыялаган. Дубайдагы жеке риелтор компаниялар түзгөн маалымат базасына таянып жазылган баяндамада шаардын эң мартабалуу райондорунда кымбат баага турак жай сатып алгандардын арасында саясатчылар, ишкерлер, спорт жана искусство адамдарды, ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү бар экени белгиленген.
“Дубайдын алтын куму” деп аталган баяндаманы жарыялаган иликтөө долбоорунун координатору Карина Щедровски "Азаттык" менен болгон маегинде уюм жарыялаган алгачкы 100 кишинин тизмесинде Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы Камчыбек Көлбаев менен бирге маалымат базада Кыргызстандын 12 жараны бар экенин айткан.
Наталья Никитенко бул фактыларга маани берип, реакция жасоо маанилүү экенин белгиледи. (КЕ)