Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Дубай досьеси: Көлбаевдин үйү табылды


Дубай.
Дубай.

Дубай шаарында кымбат баалуу турак жай сатып алгандардын арасында мурдагы совет өлкөлөрүндөгү саясатчылар, ишкерлер, уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө борборунун жаңы баяндамасында айтылат.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө жүргүзгөн журналисттердин колуна Дубайдагы жеке риелтор компаниялар түзгөн маалымат базасы тийген. Анда бул шаардын эң мартабалуу райондорунда кымбат баага турак жай сатып алгандардын арасында саясатчылар, ишкерлер, спорт жана искусство адамдарды, ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү бар.

Уюм жарыялаган алгачкы 100 кишинин тизмесинде Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы Камчыбек Көлбаевдин аты аталат.

“Дубайдын алтын куму” деп аталган докладды жарыялаган иликтөө долбоорунун координатору Карина Щедровски "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиздердин докладда мурдагы советтик өлкөлөрдүн дагы бир катар жарандарынын аты-жөнү жүрөт. Иликтөө эмнеге таянып жасалды?

Карина Щедровски: Бир жыл мурун Дубайдагы кыймылсыз мүлк катталган маалымат базасы колубузга тийген. Аны карап отуруп, уюшкан кылмыштуу топтун көптөгөн мүчөлөрүнүн, финансылык кылмыштарга айыпталган адамдардын, саясатчылардын аттарын таптык. Алардын көбүнүн Дубайда үй-мүлкү бар экени мурда белгисиз болчу.

Бир жыл бою биз 54 миң даректеги, 181 өлкөнүн 129 миң жаранынын үй-мүлкүн карап чыктык. Албетте, алардын баарын дыкат иликтеп, шектүү адамдар ээлик кылган мүлктү таап чыкканча бир топ убакыт кетти.

Биз алган маалымат базасында пост-советтик өлкөлөрдүн жүздөгөн жарандарынын үй-жайы катталган. Алардын ичинен борбор азиялык 20дай киши биздин кызыгуубузду жаратууда. Алар мурда-кийин ар кандай кылмыштарга айыпталган, АКШнын, Евробиримдиктин санкциялар тизмесине кирген же башка оор кылмыштарга кириптер болгондор, саясатчылар.

"Азаттык": Алардын арасында кыргызстандык бир жарандын – Камчы Көлбаевдин аты жүрөт. Ал уюшма кылмыштуу топтун анабашыларынын бири экени белгилүү. Кандай маалымат бере аласыз?

Карина Щедровски: Ооба, биз ал Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ экенин аныктадык. Биздеги маалыматка караганда, анын үйү Дубай Марина районунда жайгашкан, ал жердеги батирлердин орточо баасы 500 миң долларды чапчыйт. Ал АКШнын санкциялар тизмесине кирген кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Андан башка дагы жети киши ошол эле топтун мүчөсү деп көрсөтүлгөн. Алар оор кылмыштарга айыпталып, америкалыктардын санкциялар тизмесине киргизилгени менен Дубайда эч кандай тоскоолдуксуз мүлк сатып ала алышканы бизди кызыктырды.

Камчы Көлбевдин батири жайгашкан Дубай Марина аймагы (Уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө борборунун баяндамасынан алынган сүрөт)
Камчы Көлбевдин батири жайгашкан Дубай Марина аймагы (Уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө борборунун баяндамасынан алынган сүрөт)

"Азаттык": Сиз Көлбаевден башка дагы жети кишиге үй-мүлк катталганын айттыңыз. Алар дагы кыргыз жарандарыбы? Деги эле кыргызстандыктардын саны канча экен?

Карина Щедровски: Маалымат базасында Кыргызстандын 12 жараны жүрөт. Тилекке каршы азырынча мен алардын аты-жөнүн бере албайм, анткени биз алар боюнча иликтөөбүздүн аягына чыга элекпиз. Алардын үчөө кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлдөрү болгондуктан бизди чындап кызыктырат. Алар америкалыктардын санкциялар тизмесине кирген адамдар жана саясатчылар.

"Азаттык": Кыргызстанда эки жолу бийлик алмашкандан кийин мамлекеттик жогорку кызматтарда турган бир катар саясатчылар качып кетишкен. Алардын айрымдары Дубайда экени айтылып жүрөт. Кыргыз бийлиги издөө салган адамдардын аты-жөнү кездешкен жокпу?

Карина Щедровски: Биздин колго тийген маалымат 2014-2016-жылдарды гана камтыйт. Сиздер билгендей, Бириккен Араб Эмирлиги бул маалыматтарды купуя сактайт. Биз ишенимдүү маалыматты өз каналдарыбыз аркылуу алган соң аларды башка өнөктөштөрүбүз менен кылдат иликтеп чыгып, чын-бышыгына жеттик.

Биз азыр алгачкы 100 кишинин гана аты-жөнүн жарыяладык. Эми жакынкы күндөрү дагы кеминде 100 кишини кошобуз. Алар дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин жарандары - саясатчылар, ишкерлер, уюшкан финансылык жана башка оор кылмыштарга айыпталгандар.

Дубайдан үй-жай сатып алгандардын арасында таанымал искусство адамдары, дүйнөгө белгилүү спортсмендер бар. Биз аларды эч бир мыйзам бузууга айыптай албайбыз, болгону ушул тапта Дубайга кимдер инвестиция салып жатканын дүйнө коомчулугу билсин деген көз караштабыз.

"Азаттык": Чындап эле Дубай эмнеси менен ар кандай адамдарды өзүнө тартат?

Карина Щедровски: Дубай мыйзамсыз акчаны адалдоо үчүн өтө жагымдуу жер экенин билебиз. Эгер кимдир бирөө кыймылсыз мүлк алам десе, эч кандай документ талап кылынбайт. Чет элдик көптөгөн жарандар бул жерден үй-жай сатып алышат, анда эч кандай талаш жок. Бирок алардын ичинен уюшкан топтор, финансылык жана башка оор кылмыштарга тиешеси барлар, саясатчылар гана бизди кызыктырды.

Кыймылсыз мүлк агенттиктери өтө ийкемдүү, көпчүлүгү накталай акча менен иштешет. Алар сиздин ким экениңизди, акча кайдан келгенин, уюшкан кылмыштуу топтукубу же маңзат соодасынан түшкөнбү – эч ким текшербейт. Тескерисинче, шектүү адамдар андай күмөндүү акчаны кыймылсыз мүлккө инвестиция кылып, аны кайра сатып, пайда көрүп жатышпайбы.

Арам акчаны башкача жол менен адалдаштырууда ал каражаттын кайсы бир бөлүгү сарпталышы мүмкүн, ал эми кыймылсыз мүлк сатып алса андан пайда гана табат.

"Азаттык": Дубайдын мартабалуу райондорундагы турак жайдын орточо баасы канча болушу мүмкүн?

Карина Щедровски: Бул суроого так жооп бере албайм. Анткени шектүү адамдар ээлик кылган турак жайдын айрымдары 10 миллиондогон долларды чапчыса, башкалары жүз миңдеген доллар турат. Андыктан орточо баасын чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок Дубайда, анын тегерегинде жүздөгөн кишилер инвестиция салып жатканы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG