Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Сүрөтчү Илмияновго каршы УКМКга арызданды


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз жазды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” ырастады:

- Арыз бүгүн келип түштү. Арыз түшкөндөн кийин ал сөзсүз түрдө каралат.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев өз арызында Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10 миң долларга бааланган сүрөтүн 2,5 миң долларга алып, калган акчасын бербей жүргөнүн белгилеген. Арызда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу А.Б.Маматбековдун да аты аталган. Ал 15 миң долларга бааланган 3 сүрөтүн ала албай жатканын, жалпысынан 52 миң доллардан ашуун суммага күйгөнүн жазган.

- Дубайга эмирдин, ханзааданын жана падышанын сүрөттөрүн калтырып кеткем. Кийин мага Дубайдагы консул "ханзаада сурап жатат" деп жазган. Эки-үч күндөн кийин Илмиянов мени чакырып, "сенин сүрөттөрүңдү мен берип койдум" дейт. Ал өзүнүн долбоорун сунуш кылып, сүрөттү берген экен. Умрага кетерде жолуксам ал консулга шылтап, "мага жөн эле берген" деп койгон, - деди "Азаттыкка" Жаналиев.

Илмияновдун өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болгон жок.

Азамат Жаналиев буга чейин мык жана жип менен 16 белгилүү адамдын портретин тарткан. Алардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, Монголдиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG