Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Прокуратура Ош аэропортунун бажы кызматкерлерине иш козгоду


Ош шаарынын аэропорту.
Ош шаарынын аэропорту.

Кыргызстандын Транспорттук прокуратурасы Ош аэропортунун бажы процесстери борборунун кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 221-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы") жана 204-беренеси ("Аткезичилик") менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын июнь айында Ош шаарындагы эл аралык аэропортко АН-12 учагы келип конгон. Ал Ошко Лахордон (Пакистандагы шаар) келген. Бирок Ош аэропортунун бажы процесстери борборунун кызматкерлери ушул күнгө чейин ал учакты бажы көзөмөлүнө койбой, андан бажы төлөмдөрүн албай келген.

Натыйжада баштапкы маалыматка ылайык мамлекет мындан 3 миллион сом зыян тарткан. Учурда кылмыш иш тийиштүү органдарга иликтөөгө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG