Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Кадыралиев: Шектүү акчалай операциялар Орусия, Казакстан, Кытай аркылуу жүрөт


Акча каражаттарына байланышкан шектүү операциялар Орусия, Казактан, Кытай, көбүнчө Гонконг аркылуу жүрөт. Бул тууралуу бүгүн паралмент жыйынында Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев депутат Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал шектүү операцияларга байланыштуу азыр 70 млрд. сом боюнча суроо жаралып жатканын кошумчалады.

- Шектүү операциялар боюнча 2015-жылы 100 млрд. сом өлкөдөн чыкса, 51 млрд. сом кирген. Мунун сальдосу 48 млрд. сом болуп жатат. 2016-жылы ушундай операциядан 57 млрд. сом өлкөдөн чыгарылса, 86 млрд. сом кирген. Мунун сальдосу 199 млн. сомду түзөт. Ал эми 2017-жылы шектүү операция боюнча 91 млрд. сом кирсе, 177 млрд. сом чыккан. Анын тескери сальдосу 86 млрд. сомду түзөт. Биз бул багытта иш алып барып жатабыз. Азыр 79 млрд. сом боюнча сурообуз бар.

Улан Примов финасы тармагында ири технологиялык күрөш жүрүп жатканын белгилеп, Кыргызстан аркылуу акча адалдоого аракеттерине бөгөт коюш керек экенин айтты.

Былтыр Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Сергей Лещенко мурдагы качкын президент Виктор Януковичтин кеңешчиси жана АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Региондор партиясынан жашыруун алынган ири өлчөмдөгү акчаны Белизде катталган офшордук компания, андан соң Кыргызстандагы банк эсеби аркылуу чыгарып кеткенин билдирген.

Ошол кезде Финансылык чалгын кызматынын жетекчилиги 2010-жылдагы бийлик алмашууга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү ээлик кылган айрым банктар аркылуу шектүү каржылык операциялар болгонун ырастаган. Мекеме бул боюнча убагында кылмыш иштери козголуп, алардын айрымдары сотко чейин жеткенин белгилеген. Айрыкча "Азия Универсал банк", "Кыргызкредит банк" жана "Манас банк" боюнча чет өлкөлөрдөгү офшордук компаниялар менен кызматташып, алардын акчасын адалдап берип, акча агымын Кыргызстан аркылуу кайра үчүнчү бир өлкөгө чыгарууга көмөктөшкөн шектүү каржылык операциялар аныкталганы айтылган.

2014-жылы "Ош" аэропортунан белгисиз бир өзбекстандык ишкерге таандык деп кабарланган миллиондогон доллар акча тонолгону жарыяланган. Бул каракталган акчанын саны да такталбай, мындай ири өлчөмдөгү акчанын каякка жөнөтүлүп жатканы да белгисиз бойдон калган. Бул акча каражатынын кимге таандык экени да айтылган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG