Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

КСДП: Илмияновго сүрөт 2,5 миң долларга гана сатылган


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазылган арызга байланыштуу билдирүү таратты. Анда кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Атамбаевдин сүрөтүн 2,5 миң долларга гана сатканы, 10 миң доллар тууралуу сөз болбогону белгиленген. Билдирүүдө экөөнүн сүйлөшүүсүнө күбө бар экени да айтылат.

"Эгер саткан баасы жакпаса - анда акчаны берип, сүрөттү алып кетсин. Ал эми Дубайдын канзадасына берилген сүрөттөр боюнча маалымат да так эмес. Икрамжан Илмиянов сүрөттөрдү Жаналиевдин өтүнүчү менен берген", деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновго каршы УКМКга арыз жазганын бул мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастаган.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев өз арызында Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10 миң долларга бааланган сүрөтүн 2,5 миң долларга алып, калган акчасын бербей жүргөнүн белгилеген. Арызда Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу А.Б.Маматбековдун да аты аталган. Ал 15 миң долларга бааланган 3 сүрөтүн ала албай жатканын, жалпысынан 52 миң доллардан ашуун суммага күйгөнүн жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG