Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Тегеранда аялдарга футболду коомдук жайда көрүүсүнө уруксат берилди


Ирандык аялдар. Тегеран, 22-апрель, 2018-жыл.
Ирандык аялдар. Тегеран, 22-апрель, 2018-жыл.

Тегеран провинциясынын кеңеши 20-июнда билдиргендей, шаардын "Азади" жана "Тахти" стадиондоруна футбол чемпионатын көрүү үчүн аялдар да кире алат.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 24:00до Казан шаарында Ирандын курама командасы Испания менен беттешмекчи.

Жаңы тартипке ылайык, аялдар бул мелдешти Тегерандагы стадиондордун үй-бүлөлөр үчүн бөлүгүнөн, парктардан жана башка коомдук жайлардан да көрө алышат.

Аялдарга футболду коомдук жайлардан көрүүгө уруксат берилиши Иранда узактан бери өкүм сүргөн саясаттын кайра каралышы.

Жергиликтүү ISNA агенттигинин жазганына караганда, аялдар үчүн уруксат 20-июндагы оюн үчүн гана берилди. Бирок активисттер бул акыр-аягында аялдардын спорттук иш-чараларга эркектер менен чогуу катышуусуна салынган тыюуну жокко чыгарат деп үмүттөнүшүүдө.

Орусиядагы дүйнө чемпионатында Ирандын курамасы буга чейин Мароккону 15-июнда 1:0 эсебинде уткан.

Ал оюн да Тегерандын стадиондору менен парктарында түз көргөзүлө турган болуп, бирок бийликтер буга соңку мүнөттөрдө тыюу салышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG