Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

“Turkish Airlines” компаниясы Көчмөндөр оюндарына демөөрчүлүк кылат


"Көчмөндөр оюндары".
"Көчмөндөр оюндары".

Түркиянын “Turkish Airlines” компаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына демөөрчү болууга макул болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ 20-июнда, оюндун кезектеги айлампасын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу, объектилердин курулушу, коопсуздукту камсыздоо жана демөөрчүлүк каражаттарды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

“Жакында ири түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча “Turkish Airlines” авиакомпаниясы Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтерди көрсөтүп, авиабилеттерде жана учактардын бортторунда логотиптерди жайгаштырып, ошондой эле корпоративдик журналында макала чыгарат. Ошентип, биз кошумча дагы авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү болгон беш миллионго жакын адамды камтый алабыз. Анын менен бирге авиакомпания демөөрчүлүк кылып, спорттук мелдештерге катышуучулар үчүн авиабилеттерди кыйла арзандатат”, – деген Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык уюштуруу маселелерин өз убагында аяктоону тапшырды. Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилерин алдыдагы оюндарды өткөрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Буга чейин өкмөт Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө ишкерлерден жардам сурап, бир катар фирмаларга кат жазган. Бул социалдык тармактарда сынга кабылган.

Оюн Ысык-Көлдө 2-8-сентябрда өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи "Көчмөндөр оюндары" 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа тартуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG