Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Грузин парламенти «өткөөл өкмөттү» бекитти


Мамука Бахтадзе грузин парламентинде. 20-июнь, 2018-жыл.
Мамука Бахтадзе грузин парламентинде. 20-июнь, 2018-жыл.

Грузиянын парламенти жаңы премьер-министр Мамука Бахтадзе жетектеген өкмөттү жактырды. 99 депутат жаңы министрлер кабинетин колдоп, алты эл өкүлү каршы добуш берди.

Премьер өзү жетектеген өкмөттү “өткөөл” катары мүнөздөп, министрлер кабинети үч аптадан кийин алмашарын билдирди. Ага чейин мыйзамга өзгөртүү киргизилип, министрликтердин саны 14төн 11ге чейин кыскартылат.

36 жаштагы Бахтадзенин өкмөтү “Эркиндик, ыкчам өнүгүү, бейкуттук” деген программаны ишке ашырат. Анын негизги өзөгүн евроатлантикалык түзүмдөргө аралашуу, Салык кодексин реформалоо, пенсия корун түзүү, билим берүүгө каражатты көбөйтүү жана инвестиция тартыш үчүн эркин соода аймактарын уюштуруу түзөт.

13-июнда мурдагы премьер-министри Георгий Квирикашвили кызматтан кеткен. Ал муну башкаруучу партия болгон "Грузин кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили менен болгон пикир келишпестикке байланыштырган.

XS
SM
MD
LG