Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Грузияда премьер-министр кызматтан кетти


Бидзина Иванишвили жана Гиорги Квирикашвили 2016-жылдын 8-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин.
Бидзина Иванишвили жана Гиорги Квирикашвили 2016-жылдын 8-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин.

Грузияда премьер-министр Гиорги Квирикашвили кызматтан чегинди. Өкмөт башчысынын жарыясы борбор Тбилисиде бийликке талап койгон демонстранциялар бир нече жолу өткөндөн кийинки учурга туш келди. Оппозиция өкүлдөрү өлкөдө “саясий кризис бар” деп ырасташууда.

Премьер-министр катары 2015-жылдын декабрынан бери иштеп келген Гиорги Квирикашвили кызматтан чегингенин 13-июнда жарыялап жатып, мунун себебин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили менен “пикир келишпестикке" байланыштырды:

- Мен ар убак командалык оюнчу болгом, андыктан команданын маанайын карайм. Бүгүнкү чечимге мына ушул үчүн келдим. Менде партия төрагасы менен фундаменталдык пикир келишпестик болду. Бир нече маселе боюнча көз караштарыбыз кайчы чыкты, - деди Квирикашвили шаршемби күнкү теле кайрылуусунда.

Грузиянын Баш мыйзамы боюнча премьердин отставкасы өкмөт толук курамда кызматтан кетти дегенди туюндурат.

Эми башкаруучу партия жаңы өкмөттүн курамын президент Гиорги Маргвелашвилиге бир апта аралыгында бериши керек. Президент кайра бир жума ичинде өкмөт курамын парламенттин кароосуна жөнөтөт.

Грузин премьеринин, анын менен кошо кабинеттин толук курамынын кызматтан кетиши борбор Тбилисини нааразылык толкуну каптагандан кийинки учурга дал келди.

Быйыл 31-майдан бери Тбилисиде утур-утур демонстрация өткөргөндөр былтыр декабрь айында эки өспүрүмдүн киши колдуу болушу адилет иликтенбегенине кыжырданып, жогорку даражалуу бийлик адамдарынын кызматтан кетишин талап кылып жатышкан.

Киши колдуу болгон өспүрүмдөрдүн биринин атасы Заза Саралидзе нааразылык кыймылдын лидерине айланган.

Демонстрациялар төрт күнгө токтоп, 10-июнда кайра жандангандын эртеси полиция Тбилисидеги чатырларды бузуп, оппозициячыл саясатчыларды жана алардын жактоочуларын кармаган.

Тбилисинин Шота Руставели проспектисиндеги демонстранттар. 1-июнь, 2018-жыл.
Тбилисинин Шота Руставели проспектисиндеги демонстранттар. 1-июнь, 2018-жыл.

Быйыл май айынын башында Тбилисинин көчөлөрүнө жүздөгөн адам чыгып, чатыр тигишкен. Демонстранттар анда полициянын түнкү клубдардагы рейд учурунда ашыкча күч колдонгонуна нааразы болушкан.

Грузиялык оппозициячыл саясатчы, парламенттин мурдагы спикери Нино Буржанадзе “Азаттык” менен маегинде премьер-министр Гиорги Квирикашвилинин кызматтан чегинишин элдик толкундоолордун таасири деп эсептеди.

- Албетте Грузияда бүгүн (13-июнда) болгон нерсе Тбилисиде акыркы апталарда орун алган окуялардын натыйжасы. Премьер-министр кызматтан нааразылык акциялардын айынан кетти. Бул өз элинин толугу менен адилеттүү талаптарына жооп бере албаган бийлик канчалык алсыз экенин көргөздү. Менимче, премьер-министрдин отставкасы грузин бийлигиндеги олуттуу проблеманы кийинкиге гана жылдырып турат. Менин ишенимимде Иванишвилинин Грузиядагы бийлиги бүтөрүн көргөзгөн саат жебеси бүгүнтөн тарта тезирээк жыла баштады.

Нино Буржанадзе “Азаттык” менен маегинде Грузияда азыркы парламент “саясий күчтөрдүн реалдуу өкүлчүлүгүн чагылдырбагандан улам оппозицияда шайлоонун мөөнөтсүз өтүшүнө жетишүү аракети” бардыгын кошумчалап, бирок дал азыркы тушта бийлик партиясы өкмөттү жеңил эле түзөрүн моюнга алды:

- Азырынча Иванишвилинин коалициясында көпчүлүк бар. Анткен менен “Грузин кыялынын" мурдагы күнкү (12-июнь) жабык жыйынында команданын өз ичинде олуттуу ажырым бардыгы анык болгон. Азыр албетте командада өзүн-өзү сактоо механизми иштейт. Өкмөттү бекитпей коюу олуттуу кризис экенин алар түшүнөт. Андыктан, өкмөттү курушат. Экинчи жагынан менимче бул Иванишвили үчүн азыркыдан да жаман болот. Өкмөттүн башчылыгына ким келбесин биз баарыбыз Грузиянын реалдуу жетекчиси Иванишвили экенин билебиз. Андыктан, премьердин ысымы кандай аталбасын, чын-чынында кайра эле Иванишвили болот. Ал өзүн эффективдүү жетекчи катары көргөзө алган жок, кайра Грузияда реалдуу саясий көйгөй, кризис жаратты. Өлкөдө саясий кризис бардыгын “Грузин кыялынын” өкүлдөрү түшүнгөн эмес. Эми бул кризистен чыгуу (Иванишвилиге) кыйынга турат.

Иванишвилинин өзү азырынча соңку окуяларга комментарий бере элек.

Ал эми тбилисилик саясат таануучу Гия Хухашвили "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун грузин кызматы менен маегинде премьердин отставкасынын "көчө кыймылдарына эч байланышы жоктугун", "бул бийлик эффективдүүлүгүн мурда эле жоготуп", "өкмөт өлкө алдында турган чакырыктарга жооп бербей калганын", "өнүгүү динамикасын алуу үчүн системалык өзгөрүүлөр зарылдыгын", өкмөттөгү кемчиликтер менен катачылыктар үчүн күнөөнүн баарын "Бидзина Иванишвилиге оодара салуу" туура эместигин белгиледи.

Мыйзам боюнча Грузиянын кезектеги парламенттик шайлоосу 2020-жылы, президенттик шайлоосу быйыл октябрда өтүшү керек. Өлкөдө премьердин ыйгарым укугу президенттикинен көбүрөөк.

“Грузин кыялы” партиясы 2012-жылдан бери бийликте. Миллиардер Бидзина Иванишвилинин өзү ошол шайлоодо жеңгенден кийин премьер-министр катары бир жыл, бир ай гана иштеген, андан бери эч расмий кызматты ээлебейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG