Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Европол: 2017-жылы террордук чабуулдар 45% көбөйдү


Европолдун 2017-жыл үчүн баяндамасы.
Европолдун 2017-жыл үчүн баяндамасы.

2017-жылы Евробиримдиктин аймагында 68 киши террордук чабуулдардын айынан өлүп, 844ү түрдүү жаракат алганын Европол (Европа биримдигинин полиция кызматы) билдирди. Былтыр терроризмдин айынан курман болгон адамдардын саны "азыраак болгону менен чабуулдар токтоп калган жок" деп айтылат жаңы баяндамада. Ушундан улам терроризм менен ар тараптуу күрөш жүргүзүү аракеттерин токтотууга негиз жок экендиги белгиленет.

Биримдиктеги тогуз өлкөнүн маалыматын кошкондо былтыр 205 теракт жасалган же ишке ашырылбай калган. Бул мурдагы жылдан 45% көп.

Чабуул койгондор: жихадчылар, улутчул жана сепаратисттик маанайдагылар, солчул жана анархисттик террор топтору, жеке адамдар. Европада терроризмге айыпталып 975 адам камакка алынган.

XS
SM
MD
LG