Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

АКШ менен ЭВФ Украинанын коррупцияга каршы аракеттерин колдоду


Украин желегинин фонундагы Фемида.
Украин желегинин фонундагы Фемида.

Кошмо Штаттар жана Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Украинанын коррупцияга каршы сот түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алганын кубаттап, аны менен бирге эл аралык институттардан насыя алыш үчүн дагы реформалар зарыл экенин белгилейт.

Шаршембиде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 11-июнда кол коюлган мыйзам - “украин эли ыңкылапта талап кылган Европа менен жаркын келечекке жетишине карай маанилүү кадам” экенин айтты.

Ал мындан кийин Жогорку Рада “мыйзамга толуктоо киргизип, ушул тапта каралып жаткан сот иштерин жана жалпы эле мыйзамдык базага таасир эткидей оңдоону тез арада кабыл алышы” зарыл экенин белгиледи.

Мындай чаралар тууралуу ЭВФтин башкаруучу директору Кристин Лагард жуманын башында эскерткен эле. ЭВФ Украинада коррупцияга каршы реформалар ишке ашса 17 жарым миллиард доллар насыя берүүнү караштырат.

XS
SM
MD
LG