Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Кремль Жон Болтон Москвага келатканын билдирди


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдө. 17-май, 2018-жыл.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдө. 17-май, 2018-жыл.

Кремль АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвага келатканын билдирип, бирок бул тууралуу кеңири маалымат берген жок.

“Биз азырынча анын сапары болорун гана айта алабыз”, – деди президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Бир аз мурдараак Орусиянын “Интерфакс” маалымат агенттиги Вашингтондогу булактарына таянып Болтон кийинки аптада Москвага келип, Путин менен Трамптын болжолдуу жолугушуусуна даярдыкты сүйлөшөөрүн кабарлаган.

6-июнда Песков эки президент март айында телефон менен баарлашканда жолугушуу жөнүндө сүйлөшкөнүн айткан. Эки лидер Австриянын борбору Венада кездешип калышы мүмкүн.

Мартта АКШнын президенти Путин менен жолугушары мүмкүн экенин билдирген. Бирок андан бери Сириядагы чатактан жана Британияда мурдагы орус тыңчысынын ууландырылышынан улам Вашингтон менен Москванын алакасы сууп кеткен.

XS
SM
MD
LG