Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Чүйдө депутат жана активист айымдар аймактарды өнүктүрүүнү талкуулашат


Кыргызстандагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Чүй облусунун Лебединовка айылында парламенттин, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активист аялдар катышкан форум болот. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, Жогорку Кеңештеги депутат аялдар форумунун төрайымы, эл өкүлү Рада Түмөнбаева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, форумда ар катмардан чогулган айымдар аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча өз сунуш-пикирлерин айтып, талкуу кылышат.

Форумга негизинен Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы кыз-келиндер катышат. Алар өз облустарында маселелерди чечүүгө багытталган жаңы идеяларды жана демилгелерди айтып беришет.

Форумду депутат айымдар менен демократиялык "Аялдар тармагы" кыймылы, Улуттук Демократиялык Институт чогуу уюштурат. Аларга USAID уюму колдоо көрсөтөт.

Буга чейин ушундай эле форум Жалал-Абадда өтүп, ага Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын активист аялдары катышкан.

Мындан сырткары 22-июнда Бишкекте парламенттин көзөмөл функциясын талкуулаган жыйын өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG