Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Навальныйга жети шаарда акция өткөрүүгө уруксат берилди


Оппозиционер Алексей Навальный.
Оппозиционер Алексей Навальный.

Орусиянын жети шаарынын администрациясы оппозиционер Алексей Навальныйга пенсия реформасына каршы митинг өткөрүүгө уруксат берди. Бирок митингчилерге альтернативалык аянтчаларды сунуш кылышты. РБК маалымат агенттиги кабарлагандай, митингдер Ставрополь, Липецк, Белгород, Краснодар, Хабаровск, Комсомольск-на-Амуре жана Мурманск шаарларында өтүшү пландалууда.

Ставрополь, Липецк жана Белгород шаарларындагы автивисттер калаа администрациясы көрсөткөн аймакта эмес, мурдатан көрсөтүлгөн жерде акция өткөрүүнү талап кылышууда.

Буга чейин Москва шаарынын бийлиги оппозиция өкүлдөрүнө пенсия курагынын жогорулашына байланыштуу митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Баш калаанын мэриясы муну ушул тапта өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген туристтердин арбындыгы менен байланыштырган.

30 күн абакта отуруп чыккан оппозициялык активист Алексей Навальный элди 1-июлга пландалган акцияга чакырган.

Орус өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, буга чейин аялдар 55 жашында эс алууга чыкса, жаңы сунуш боюнча 63, эркектер болсо 60 эмес, 65 жашында чыгууга тийиш. 19-июнга карай 1,5 миллиондон ашуун киши реформага каршы Интернеттеги петицияга кол койду. (ErN)

XS
SM
MD
LG