Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Калилов: жолдон 600 млн. доллар урдалды деген калп


Жаңы салынып жаткан жол. 21-ноябрь, 2017-жыл.
Жаңы салынып жаткан жол. 21-ноябрь, 2017-жыл.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Түндүк-Түштүк автоунаа жолу боюнча Интернетте тарап жаткан документтер туура эмес жана жалган маалыматтар экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Жакшы долбоор болуп жатат. Азыр жолду куруу бүтө элек, дагы эле жүрүп жатат. Азыр 300 миллиондой доллар эле жумшалды. Анан кайдагы 600 млн. долларды айтып жатат? Эч кандай далили жок эле бирөө таратып атат.

Жергиликтүү интернет-сайттар Түндүк-Түштүк альтернативалуу автоунаа жолунан 600 млн. доллар уурдалганы тууралуу жазып чыгышкан. Андагы документтерде курулуштун баалары бир топ жогорулатылганы көрсөтүлгөн.

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, курулуш 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу түндүк-түштүк же башкача айтканда, Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтөт.

Долбоорду Кытайдын Эксимбанкы каржылайт. Атаандаш жол үч фазага бөлүнүп, курулушун кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы жүргүзөт. Жолдун курулушунун жалпы баасы 850 миллион долларга бааланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG