Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Депутат кыргыз байрагына "Манас" эн белгисин кошууну сунуш кылды (аудио)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков кыргыз желегине "Манас" эн белгисин кошууну сунуш кылды. Ал өз демилгесинин себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Желекти тетири илип койгон фактылар көп болуп жатат. Өткөндө бир мелдешти көрүп жатсам биздин спортчу байгеге ээ болду. Бирок, желек тетири илинип калыптыр. Ошондон улам өкмөт башчыга да айттым. "Желекти оң илгидей элемент кошосуңарбы?" деп. Балким, жалпы кыргызга таандык "Манас" эн белгиси коюлабы, аны эл чечиши керек. Мен кесипкөй эмесмин, аны адисттер талкууласа болот, – деди Батырбеков.

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганына быйыл 26 жыл толду. Туу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Авторлордун түшүндүрмөсүндө, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик менен байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги. (TSh)

XS
SM
MD
LG