"24-июндагы мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоо учурунда террордук кол салуу даярдаган" деген шек менен кармалган 14 киши, расмий адамдардын айтымында, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери да болушу мүмкүн деген маалымат бар.
Ошондой эле алардын баары чет элдик жарандар экени, 22-июндун таңында полициянын координацияланган операциясы учурунда кармалганы да кабарланды.
"Пландалган" деп айтылып жаткан террордук чабуулдун чоо-жайы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок, бирок полиция рейддер учурунда айрым “материалдар” алынганын белгиледи.
Түркия 2015, 2016-жылдардын аралыгында бир нече террордук чабуулга кабылган. Бийлик ал үчүн “Ислам мамлекети” тобун же күрт согушкерлерин айыптаган.
Ал эми 2017-жылдын 1-январында Стамбулдун түнкү клубуна ИМ тобунун согушкери деп эсептелген өзбек жигит автоматтык курал менен кол салганда 39 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)