Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Украина Орусиянын саясий партияларын да санкциялык тизмеге кошту


Украин парламентинин жыйыны. 7-июнь, 2018-жыл.
Украин парламентинин жыйыны. 7-июнь, 2018-жыл.

Москва өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди колдоп, Крымды аннексиялап алгандыктан расмий Киев санкция салынгандардын "кара тизмесине" бул жолу 30 юридикалык тарапты жана 14 адамды киргизди.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 22-июнда жарыялаган тизмеге караганда, андагылардын саны азыр 1759 жеке адамга жана 786 юридикалык тарапка жетти.

Санкциялык тизмеге жаңы кошулгандардын арасында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы, “Бирдиктүү Орусия” партиясы, ЛДПР жана Коммунисттик партия да бар.

Кара тизмеге бул жолу орусиялык миллиардер Аркадий Ротенберг жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, Орусиянын бир катар курал-жарак ишканалары да кошулган.

2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Москва колдогон жикчилердин ортосундагы уруштардан 10 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG