Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Нарындагы жыйында депутаттарга сын айтылды


Нарын.
Нарын.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын Нарын шаарында өтүп жаткан көчмө жыйынында нарындыктар эл өкүлдөрү алыскы аймактардан кабар албаганын айтышты. Алардын бири Мустафа Жуманаков депутаттар менен элдин ортосундагы ажырым кеңейип баратканын, алыскы аймактарды кыдырган депутаттар аз экенин белгиледи.

Жыйында Нарын облусундагы беш райондун акими жана Нарын шаарынын мэри аткарылып жаткан иштер жана чечилбей жаткан маселелер тууралуу эл өкүлдөрүнө отчет беришти. Мындан тышкары жыйынга жүздөн ашык жергиликтүү тургундар катышты. Фракция өкүлдөрүнүн айтымында көчмө жыйын өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. (TSh/MiK)

XS
SM
MD
LG