Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Акимдер, айыл өкмөт башчылары курал колдонууну үйрөнүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-июндан 21-июнга чейин Жалал-Абад шаарында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы өлкөнүн түштүгүндөгү облустардын, шаарлардын, райондордун, айыл өкмөттөрдүн башчыларынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча билимин жогорулатты. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай окууларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар кандай кырдаалдарда күч түзүмдөрү менен бирге коопсуздукту камсыз кылуу багытында иш жүргүзүүгө үйрөнүшөт.

Окуунун катышуучулары теориялык билим алуудан сырткары “Макаров” тапанчасын жана “Калашников” куралын колдонууну үйрөнүштү. Мындай иш-чараларды Башкы штаб 2015-жылдан бери өткөрүп келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG