Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Түркияда мөөнөтсүз шайлоонун үгүт өнөктүгү аяктоодо


Мухаррем Инженин Измирдеги шайлоо митинги. 21-июнь, 2018-жыл.
Мухаррем Инженин Измирдеги шайлоо митинги. 21-июнь, 2018-жыл.

24-июндагы мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү бүгүн аяктайт. Оппозициялык партиялардын жана укук коргоочу топтордун билдиргенине караганда, алар жекшемби күнү өлкөдөгү 180 миңдей шайлоо бекетте 519 миң байкоочуну жана ыктыярчыны жайгаштырганы жатышат.

Ал арада президент Режеп Тайып Эрдогандын шайлоодогу башкы атаандашы, Республикалык Элдик партиянын талапкери Мухаррем Инженинин Измир шаарындагы эң ири үгүт митингине жүз миңдеген киши жыйналды.

- Он алты жылдан кийин Эрдоган бүгүн чарчаган адам. Элди өйдөдөн карап, көөдөн көтөргөн, текебер адам, - деди Инже 21-июнда Измирдеги жактоочуларына кайрылып. 22-июнда болсо ал жактоочулары менен Анкарада жолукту.

Ал эми Эрдогандын жана анын жактоочуларынын үгүт митингдери 22-июнда Стамбул шаарында да өттү.

Эрдоган шайлоону биринчи айлампада эле утууга умтулууда.

Талдоочулар азыркы учурду анын 16 жылдык бийлиги чындап сыналган мезгил катары мүнөздөп жатышат. Мухаррем Инжени кошкондо ага беш талапкер атаандаш болуп чыкты. Алардын бири - Элдик-демократиялык партиянын талапкери Салахиттин Демирташ шайлоого түрмөдөн катышууда.

Расмий Анкаранын планы боюнча июндагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин Конституцияга былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи. Ага ылайык, мындар ары Түркияда 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон саясий институт - премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтүшү керек.

Бүгүн түрк расмий өкүлдөрү "шайлоо күнү террордук кол салуу даярдаган" деген шек менен 14 киши кармалганын, алар “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери болушу мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле алардын баары чет элдик жарандар экени, 22-июндун таңында полициянын координацияланган операциясы учурунда кармалганы да кабарланды.

Пландалганы сөз болгон террордук чабуулдун чоо-жайы тууралуу эч кандай маалымат айтылган жок, бирок полиция рейддер учурунда айрым “материалдар” алынганын белгиледи.

Түркия 2015, 2016-жылдары бир нече террордук чабуулга кабылган. Бийлик ал үчүн “Ислам мамлекети” тобун же күрт согушкерлерин айыптаган. Ал эми 2017-жылдын 1-январында Стамбулдун түнкү клубуна ИМ тобунун согушкери деп табылган өзбек жигит автоматтык курал менен кол салганда 39 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG