Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

АКШда терроризмге айыпталган өзбекстандык cотто көрсөтмө берди


Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында сегиз адамды автоунаа менен сүзүп өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саипов сотто көрсөтмө берип, чечимди тааныбай турганын билдирди.

“Соттун чыгарган чечими мен үчүн маанилүү эмес. Бул Аллахтын соту эмес”, - деди Саипов. Ал “Ислам мамлекети” террорчул тобу жер жүзүндө шарияттын мыйзамын орнотуу үчүн согуш жүргүзүп жатат" деп эсептерин билдирди.

Сайфулло Саипов мындан ары көп нерсени айтарын кошумчалады.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Саипов былтыр 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаа менен кеминде сегиз адамды сүзүп өлтүргөн.

Нью-Йорк сотундагы чоң жюри судьянын Саиповго каршы 22 айыптан турган жаңы корутундусун бекиткен. Ал документке ылайык, Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталган.

XS
SM
MD
LG