Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблясы Украина, Молдова баштаган сегиз өлкө даярдаган Орусияны Приднестровьеден аскерлерин чыгаруу чакырыгы камтылган резолюцияны колдоду.
Резолюцияга БУУга мүчө 64 өлкө "макул", 15 өлкө "каршы" деген добуш берди. Каршы добуш бергендердин катарында Иран, Армения, Беларус, Сирия, Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр бар. Ал эми 83 өлкөнүн өкүлдөрү добуш берүүдөн карманышкан.
Резолюцияда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына Молдованын аймагынан чет өлкөлүк аскерлерди толугу менен чыгаруу маселесин күн тартибине коюу сунушталган.
Талкуу учурунда Орусиянын өкүлдөрү Москва Молдованын аймагындагы жаңжалды саясий жактан чечүү боюнча миссияны аткарып жатат деп түшүндүрдү.
Былтыр Молдова парламенти Приднестровьеден орусиялык жоокерлерди чыгаруу жөнүндө билдирүү кабыл алган. Өлкөнүн Орусияны жактаган президенти Игорь Додон депутаттардын чечимин "чагым" деп атаган.
Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка аскерлерин киргизүүнү "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүрүп келет.