Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Бокоев: Осмонбек Артыкбаев саламаттыгы начарлаганын айтты


Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев тергөө абагында ден соолугу начарлап кеткенине даттанды.

Бул тууралуу Артыкбаев менен жолугуп чыккан парламент депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. Анын айтымында, Артыкбаевдин астма дарты күчөп кеткен:

- Артыкбаевдин астмасы бар экен. Ал камерада чогуу отургандар тамеки чеккенде аба жетпей, дем алалбай кыйналып жатканын айтты. Үч чакырылыштын депутаты болгонун, жаш курагын эске алуу менен үй камагына чыгарууну, мындай суранычты президентке жеткирүүнү, тергөө менен иштешүүгө даярдыгын билдирди, - деди Бокоев.

Буга чейин "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин ден соолугу начарлаганы тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк камактагы депутат Осмонбек Артыкбаевдин абалы оорлогону кабарланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны четке каккан.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, 5-июнда камакка алынган.

XS
SM
MD
LG