24-25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Айрым райондордо сел жүрүшү ыктымал.
Аба ырайы:
Түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;
Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.
24-июнда Бишкек шаарында күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 18…20 градус, күндүзгү температурасы 27-29 градус болот.