Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Футбол: Германия Швецияны 2:1 эсебинде утту


Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 23-июнда өткөн оюндарында Германиянын курамасы швециялык футболчуларды 2-1 эсебинде утту.

Мындай жол менен немис оюнчулары кийинки айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калышты.

Кызуу өткөн оюндун кошумча берилген 95-мүнөтүндө жарым коргоочу Тони Крос гол киргизип, германиялык команданы алдыга алып чыкты. Ага чейин швециялык Ола Тойвонен жана германиялык Марко Реус бирден топту өз командаларынын үлүшүнө кошкон. Учурда F тобунда Швеция жана Германия командалары үчтөн упай менен алты упайы бар Мексика курамасынан кийинки орунда келе жатат.

Оюн бүткөн соң швед командасынын машыктыруучусу Янне Андерссон айрым немис футболчуларынын аракеттерине ачууланганын билдирди. Машыктыруучунун айтымында, акыркы голдон соң немис футболчулары атаандаштарын келекелеген аракеттерди көрсөтүшкөн.

Бул оюнга чейин Мексиканын курамасы түштүк кореялык футболчуларды 2:1 эсебинде уткан. Ал эми Бельгия командасы Тунистики менен ойноп 5:2 эсебинде жеңишке жетишти.

24-июнда Англия менен Панама, Жапония менен Сенегал, Польша менен Колумбиянын футболчулары көк майсаңда беттеш өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG