Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Америка университети окутуучусу боюнча интернетте тараган тасманы төгүндөдү


Борбор Азиядагы Америка университети
Борбор Азиядагы Америка университети

Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология департаменти окутуучу Мукарам Токтогулованын эч бир диний секта жана радикалдык топторго тиешеси жоктугун билдирди.

Билдирүүдө Токтогулова илимий этиканын алкагында иш алып барары айтылган.

Буга чейин Интернетте өзүн “Ислам мамлекети” террордук уюмунун өкүлдөрү катары көрсөткөн адамдар видео таратып, Бишкекте террордук актыларды уюштурарын айтышкан. Алар “Мукарам Токтогулованы Бишкек шаарынан чыгарбаса, Кыргызстанда кан төгүлөрүн" эскертишкен.

Мурдараак Бишкектин көчөлөрүнөн "Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу Мукарам Токтогулова "Ата жолу” аттуу диний агымга үгүттөйт" деп айыптаган баракчалар табылган.

Социалдык тармактарда бул боюнча талаш-тартыштар болгон. Токтогулова маалымат каражаттарына комментарий берип, дооматтарды төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул видео кайрылууну иликтей баштаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG