Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Мунай продукцияларын сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынат


Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод
Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод

Экономика министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн мунай продукцияларын алты айга чейин сыртка ташып чыгууга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылганы өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Анда өлкөдө мунай сырьесунун кескин түрдө жетишпей калышына жол бербөө максатында июндан ноябрга чейин мунай өндүрүмдөрүн өлкөдөн экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү ишканада жылына 1 миллион 900 миң тоннага чейин продукция өндүрүлөт. Бирок аталган заводдор чийки зат жетишпегени үчүн 50-70 пайызга чейин гана мүмкүнчүлүгүн колдонуп жатат.

Ошол эле учурда акыркы эки жылда Өзбекстан жана Тажикстанга 27 миң тоннадан ашык чийки мунай чыгарылган.

Акыркы учурда Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлгөнү байкалган. Мунай иштетүүчүлөр бирлигинин маалыматы боюнча май айында бензин менен дизелдик отундун баасы 10 пайызга жогорулады. Июнь айында да баанын көтөрүлүшү болжолдонгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG