Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:23

Баткенде сел жүрдү


Баткен облусунун Самаркандек айылында 23-июнь күнү кечинде сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, сел бир үйдүн жер төлөсүн, андан башка бир нече чарбакты жууп кеткен. Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.

15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен облусунда жалпысынан 260тан ашык үйдү сел каптаган. Буга байланыштуу Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG