АКШда чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ата-энесинен бөлүнгөн 500дөн ашык жаш бала ата-энесине кайтарылды.
Балдар президент Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга мыйзамсыз келген үй-бүлөлөрдүн балдарын ата-энесинен бөлүп, өзүнчө кармап жаткан. Бул чара кескин сынга алынган соң Дональд Трамп эрежени жокко чыгарууга аргасыз болгон.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлиги кабарлагандай, учурда 522 бала ата-энесине берилди. Дагы он алты бала жакынкы күндөрү үй-бүлөлөрүнө кошулмакчы.
Буга чейин президент Дональд Трамп АКШны мигранттардын лагерине айлантууга жол бербесин билдирген. Кошмо Штаттардын бийлигинин мындай саясатын БУУ баштаган эл аралык уюмдар сынга алып, балдардын укугун коргоого чакырган.