Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Орусиянын учактары Сирияда козголоңчулар ээлеген аймакты бомбалады


Орусиянын учактары жекшембиге караган түнү Сириянын түштүк-батышындагы козголоңчулар ээлеген аймакты бомбалады.

Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор кабарлады. Азырынча Москва бул боюнча эч кандай маалымат бере элек. Буга чейин Орусия колдогон президент Башар Асаддын күчтөрү козголоңчулар ээлеген аймакка чабуулду баштаган. Ишембиге чейин бул чабуулдарга орусиялык күчтөр катышкан эмес.

АКШ Дамаскка “деэскалация аймактары” катары таанылган жерлерге чабуул жасаса, кесепети оор болорун эскерткен. Ошол эле кезде Reuters Кошмо Штаттар козголоңчуларга аскердик жардам көрсөтпөсүн билдиргенин жазып чыкты.

Вашингтон Башар Асаддын режимин сынга алып, буга чейин оппозициянын күчтөрүнө жардам көрсөтүп келген. Бирок америкалык аскерлер түздөн-түз козголоңчулар менен бирге салгылаштарга катышкан жок.

Ал эми Орусия болсо Асаддын аскерлери элдешүү шартын бузган жок, террорчулар менен күрөшүп жатат деп билдирип келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бүгүн 11 калктуу конуштагы оппозиция күчтөрү өкмөттүк аскерлерге кошулганын билдирди.

XS
SM
MD
LG