Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Евробиримдик лидерлери миграция боюнча кичи саммитке чогулду


Евробиримдиктин Брюссель саммитине чогулган лидерлери. 24-июнь, 2018-жыл.
Евробиримдиктин Брюссель саммитине чогулган лидерлери. 24-июнь, 2018-жыл.

Брюсселдеги бейформал сүйлөшүүлөргө Евробиримдикке мүчө 28 мамлекеттин 16сынын лидерлери келишти.

Ал эски континенттеги миграция кризисин талкуулоо үчүн Евробиримдиктин толук кандуу саммити алдында өтүп жатат.

2015-жылы Евробиримдик аймагына жүз миңдеген адам Сирия менен Ирактан келген.

Андан бери мигранттардын жана башпаанек сурагандардын саны азайганы менен Евробиримдик өлкөлөрү ортосунда миграция маселеси боюнча чыңалуу сакталууда.

Вышеград тобуна кирген төрт өлкө: Польша, Словакия, Чехия, Венгрия кичи саммитти бойкоттоп жатат.

Аталган өлкөлөрдүн бийликтери квотага ылайык бөлүнгөн сандагы мигранттарды кабыл алууга, бул багыттагы чыгымды “тең көтөрүүгө” каршы экенин билдиришкен.

Миграция боюнча пикир келишпестик Батыш өкмөттөрү ортосунда да бар. Андыктан немис канцлери Ангела Меркел моюнга алгандай, жалпы миграция проблемасы боюнча макулдашуу кичи саммитте, андан кийинки жыйында да болбойт. (UE)

XS
SM
MD
LG