Түркиянын айрым маалымат каражаттары бүгүнкү мөөнөтсүз жана парламенттик шайлоодогу добуштарды саноонун баштапкы жыйынтыктарын түз чагылдырып жатат.
CNN -Turk телеканалы жана “Анадолу” мамлекеттик агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, добуштардын 35% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 57,38% менен алдыда.
Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык - элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 28,06% менен экинчи, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,48% добуш менен үчүнчү, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 5,99% төртүнчү орунда.
Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 19% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 62,25% менен алдыга чыккан.
Экинчи орунда 27,54% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы” келе жатат, үчүнчү орунда 8,22% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик -демократиялык партия турат.
Түркияда жүз сексен миңдей шайлоо бекети 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылган жана кечки саат беште жабылды.
Түркиянын тарыхында президентти эл түз шайлаган экинчи шайлоодо Режеп Тайип Эрдоганга беш саясатчы атаандаш болду.
Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары президенттик шайлоо экинчи айлампага өтүшү мүмкүндүгүн, ал эми “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы ( АК партия) он алты жылдан кийин парламенттик көпчүлүктү жоготуп коюшу ыктымалдыгын көргөзгөн. (UE)