Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:20

Түркия: Эрдоганга куттуктоолор келе баштады


АК партиянын Стамбулда жыйналган жактоочулары. 24-июнь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик медиасы кабарлоодо. “Анадолу” агенттигинин билдиргенине караганда, президент Режеп Тайып Эрдоганды “шайлоодогу ийгилиги” менен эң алгачкылардан болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Катардын эмири Тамим бин Хамад бин Халифа Ал-Тани, Пакистандын президенти Мамнун Хусейин куттукташты.

“Анадолу” агенттиги, ТРТ телеканалы келтирген маалыматтарга караганда, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайып Эрдоган 52,86% менен алдыда.

Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык-элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 30,66% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик-демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 7,94% менен үчүнчү, “Жакшы” партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,45% менен добуш менен төртүнчү орунда.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешине нааразылык билдирип бара жаткандар. Анкара, 24-июнь, 2018-жыл.
Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешине нааразылык билдирип бара жаткандар. Анкара, 24-июнь, 2018-жыл.

Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 90% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 53,87% менен алдыда.

Экинчи орунда 34,02% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы”, үчүнчү орунда 11,04% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия келе жатат.

Түркияда 180 миңдей шайлоо бекети 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат сегизде ачылган жана кечки саат беште жабылды.

Түркиянын тарыхында президентти эл түз шайлаган экинчи шайлоодо Режеп Тайып Эрдоганга беш саясатчы атаандаш болду.

24-июндагы добуш берүүгө Түркиядагы шайлоого укуктуулардын 87% катышканы кабарланды. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG