Жергиликтүү телеканалдардын маалыматына караганда, Түркиядагы мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99% саналып бүттү. Анын жыйынтыгында 52,5% менен азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоган жеңип чыкты. Ал бул тууралуу Стамбулда эл алдында сүйлөп жатып өзү билдирди:
- Бул шайлоо менен кошо Түркия демократиялык революцияны ишке ашырып жатат. Президенттик башкаруу системасына өтүү – бизге буюрган тагдыр. Муну менен Түркия өзүнүн заманбап цивилизациясын дагы жогорку деңгээлге көтөрөт.
Шайлоодо 31% добуш алган оппозициядагы Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже расмий жыйынтыктар чыккандан кийин билдирүү жасай турганын билдирди. Абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 11% ,“Жакшы” партиянын лидери Мерал Акшенер 10% добуш менен төртүнчү орунда.
Парламенттик шайлоодо да Эрдоганды колдогон күчтөр озуп келатат. Анын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен "Улуттук кыймыл" партиясы түзгөн “Элдик альянс” 54, 64% менен башкалардан алдыда. Бул 600 орундуу парламентте сөз болуп жаткан альянс 342 орун алат дегенди билдирет.
Экинчи орунда 34,16% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы” келе жатат, үчүнчү орунду 11,29% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия ээледи. Демек бул 11 пайыздан ашуун добуш менен күрттөрдүн кызыкчылыгын коргогон партия да парламентке өттү деген сөз.
24-июндагы добуш берүүгө Түркиядагы шайлоочулардын 87% ашууну катышканы кабарланды.