Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:38

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети калктын ден соолугун коргоо жана 2030-жылга чейин саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасын талкуулайт. Бул боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев баяндама жасайт.

Министрликтин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилованын “Азаттыкка” айтканы боюнча, “Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” программасы экологиялык коопсуздукту сактоо, алдын алуу маселелерине басым жасайт.

Бул саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүчү жана багытын аныктоочу төртүнчү программа болуп турат. Буга чейин тармакты реформалоо багытында “Манас”, “Манас таалими” жана “Ден соолук” аттуу программалар иштелип чыккан.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эки жүздөн ашуун ар кандай программалар, концепциялар, стратегиялар сыяктуу документтер кабыл алынган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев план-программаларды иштеп чыкканда алардын реалдуу ишке ашышын камсыз кылуу зарыл экенин айткан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG