Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:21

Камактагы Айбек Калиевдин адвокаты Жогорку сотко арызданат


Айбек Калиев.

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжал боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевдин адвокаты Жогорку сотко арыз жиберет. Бул тууралуу анын адвокаты Бактыбек Жумашев “Азаттыкка” кабарлады.

Адвокат "Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун Калиевдин бөгөт чарасын камакка алуу боюнча чечими туура эмес" деп, Жогорку соттон бул чечимди четке кагууну өтүнүүдө.

Жумашевдин айтымында, Калиевдин ден соолугу начарлап, абакта өнөкөт оорулары козголуп жатат.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, УКМК тергөө иштерин баштаган. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG