Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Башкы прокуратура Мамкаттоого каршы кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуу тармагындагы мыйзам бузуу фактылары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлады. Маалыматка ылайык, кылмыш иши туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана нике күбөлүгүн даярдоо боюнча конкурстун айланасында козголгон.

2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы (Мамкаттоо) бланктарды даярдоого конкурс жарыялаган. Анда “Госзнак” аттуу ишканадан сунуш түшүп, бирок талаптарга жооп бербегени үчүн сунуш четке кагылган. Экинчи жолу жарыяланган конкурста “Госзнак” менен катар дагы эки ишкана сунуш берген. Анда да үч ишкана талапка жооп бербегени үчүн сунуштары четке кагылган. Бирок буга карабай ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде күбөлүктөр үчүн бланктарды даярдоо “Госзнак” ишканасына тапшырылган.

Башкы прокуратура аталган ишкананы тандоодо мыйзам бузулганын аныктап, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG