Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Жээнбеков Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Cооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган Анкарада. 9-апрель, 2018-жыл.
Cооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган Анкарада. 9-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркиянын президенттигине кайрадан шайланышы жана ал жетектеген "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын парламенттик шайлоодо алдыга чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Куттуктоодо "Шайлоонун жыйынтыктары сиз багыттаган реформаларга жана жасап жаткан иштериңизге түрк элинин көрсөткөн чоң ишеничин айгинелейт” деп айтылган.

Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы мамиле мындан ары өнүгөрүнө ишенимин билдирген.

24-июнда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү. Добуштардын 99% саналып бүткөн маалдагы жыйынтыкка ылайык, 52,5 пайыз менен азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган жеңип чыкканы кабарланды. Ал эми оппозициячыл Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже 30,67 пайыз, абактагы күрт улутундагы саясатчы, Элдик-демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 11%, “Жакшы” партиянын лидери Мерал Акшенер 10% добуш менен төртүнчү орунда келатат.

Парламенттик шайлоодо Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 54, 64% менен башкалардан алдыда. Бул 600 орундуу парламентте 342 орун алат дегенди билдирет.

Экинчи орунда 34,16% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы” келе жатат, үчүнчү орунду 11,29% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия ээледи. (BkA)

XS
SM
MD
LG