Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:08

Парламент комитетинин жыйыны депутаттар жок өтпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны депутаттар келбей койгонуна байланыштуу өтпөй калды. Комитет жыйынына жалгыз гана “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Алмасбек Акматов келди.

Комитеттин бүгүнкү жыйынында өкмөттүн жазгы талаачылык иштеринин жыйынтыгы тууралуу отчету жана мыйзам долбоорлору талкууланмак. Бул үчүн жыйынга өкмөт мүчөлөрү чакырылган.

Агрардык комитетке алты депутат мүчө. Комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров болсо, мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Рада Туманбаева, Мухтарбек Айнакулов, Абылкайыр Узакбаев жана Алмасбек Акматов.

Аттары аталган депутаттар комитет жыйынына эмне себептен катышпаганын түшүндүрө элек. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG