Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Түркияда кыргызстандык мигрант жигит каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Анталиядагы Айымдар коомунун жетекчиси Периза Асаналиева "Азаттыкка" билдирди.

- Бизге Кыргызстандан каза болгон жигиттин жеңеси чалып жардам сурады. Биз дароо сурамжылоо жүргүздүк. Көрсө ал жигит 23-июнда каза болуптур. Измир аймагындагы Кушадасы шаарында мейманканада иштечү экен. Азыр эми Кыргызстандагы туугандары менен байланышып окуянын чоо-жайын билип жатабыз.

Каза болгон 34 жаштагы М.А. Түркияга 14 күн мурун атайын келишим менен келип мейманканада ашканада эмгектенчү. Анын сөөгүн 23-июнда чогуу иштешкен кыргыз мекендештери өздөрү жашаган үйдөн табышкан. М.А. өз жанын кыйып муунуп алганы айтылат.

Окуя боюнча Айдын райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле Стамбулдагы консулдук териштирүү ишин жүргүзүп жатканы маалым болду.

Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 19 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей "Жүк-200" мекенине жөнөтүлөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG