Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф ишкерлер менен жолукканда 2015-жылдагы өзөктүк келишим бузулса, анын «кесепеттери өлкө үчүн өтө коркунучтуу» болорун эскертти. «Биз келишимди сактап калуу же бузуу тууралуу айта беребиз. Бирок ал бузулса кесепети бизге оор болорун билишибиз зарыл» деди министр Зариф жекшембиде Тегеранда Ирандын Соода палатасындагы ишкерлер менен жолугушууда.
«Бул Ирандын саясий системасынын тандоосу эмес» деди Зариф. Дүйнөлүк алты держава менен жетишилген келишимди түзүүгө катышкан министр ал кандай кесепеттер экенин так айтпаганы менен макулдашуу бузулса Иран саясий изоляцияда каларын белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Иран менен жетишилген өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгарын жана бул өлкөгө каршы санкцияларын кайра жандантарын жарыялаган. Европа өлкөлөрү ошондон бери Иранды келишимди бузбай турууга үндөп келет.
Расмий Тегеран өзөктүк программасын тынчтык максатында гана иштеп чыкканын айтууда.