Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Орусияда тирүүлөй өрттөлгөн келин боюнча айрым маалыматтар такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ленинград облусунда соода күркөсүндө өрттөлгөн келин 27 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, үч жаштагы жана жети айлык эки баласы бар келин үй-бүлөсү менен Орусияда эмгектенип жүргөн. Жолдошу 34 жаштагы Кыргызстандын жараны.

Учурда Кыргызстандын элчилиги кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.

Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары Орусияда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык келинди өрттөп кеткенин жазган. Окуя Ленинград облусунда болгон. Шлиссельбург шаарынын аймагында 24-июнга караган түнү өрттөнгөн соода күркөлөрүнүн биринен кыргызстандык келиндин күйгөн сөөгү табылган.

Ал эми өрттөн оор жаракат алган 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылды. Ал каза болгон келин эжеси болгонун, аларды түн ичинде белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишкенин айтып берген.

Орус маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, бул кылмышка каза болгон келиндин күйөөсү шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG