Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:40

Болтон Трамп-Путин саммитине даярдыкты баштоого Москвага барат


АКШ президенти Дональд Трамп менен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдө, 22-май, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Ак үйдө, 22-май, 2018-жыл.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Европага сапарга аттанды. Анын алкагында Москвага да барып, июль айына болжолдонгон президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусуна даярдыкты баштайт.

Болтон 25-26-июнда Лондондо Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү менен жолуккан соң Римге барат. 27-июнда болсо Москвага токтойт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жума соңунда телеканалдардын бири менен болгон маегинде Трамп менен Путин “жакынкы аралыкта” жолугушат деп ишара кылган. Эки лидердин кайда кездешери так айтыла элек, бирок буга чейин алардын Вена шаарында жолугары ыктымал экенин айтышкан.

Австриялык гезит Кошмо Штаттар менен Орусиянын атайын делегациялары Венага барып, 15-июлда өтчү эки лидердин жолугушуусуна даярдык көрө баштаганын жазып чыкты. Трамп 11-12-июлда Брюсселде НАТОнун саммитине катышат, анын эртеси Британияга барат.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Кремль Трамп-Путин саммити тууралуу азырынча комментарий бере албастыгын кабарлады. Буга чейин эки лидер эл аралык жыйындарда эки жолу жолугушуп, телефон менен кеминде сегиз жолу сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG