Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

АКШда мыйзамсыз мигранттар үчүн эки борбор ачылат


Чек арада кармалган мыйзамсыз мигранттардын балдары футбол ойноп жатышат. Техас, 18-июнь, 2018-жыл.
Чек арада кармалган мыйзамсыз мигранттардын балдары футбол ойноп жатышат. Техас, 18-июнь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигине караштуу эки аскерий базада мигранттарды убактылуу кармоочу борборлор курулат. Бул тууралуу 24-июнда Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис билдирди. Генерал Мэттис андай борборлор кайсы базаларда куруларын тактаган жок. Буга чейин өкмөт Пентагонго мигранттардын 20 миңдей баласы батчу борбор курууну тапшырганы айтылган. Ал үчүн Техас жана Арканзастагы базалар каралып жатканы маалым болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп чек араны мыйзамсыз өткөн мигранттарды соттук териштирүүсүз эле өлкөдөн чыгаруу зарылдыгын билдирди. Трамптын администрациясы буга чейин Кошмо Штаттарга мыйзамсыз келген үй-бүлөлөрдүн балдарын ата-энесинен бөлүп, өзүнчө кармап жаткан. Ак үйдүн мындай саясаты кескин сынга кабылган соң Трамп жаңы буйрук жарыялоого аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG