Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Медиа: Салах Египеттин курама командасынан чыгышы мүмкүн


Египеттин курама командасынын мүчөсү Мохаммед Салах менен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Грозныйдагы стадиондо. 10-июнь, 2018-жыл.
Египеттин курама командасынын мүчөсү Мохаммед Салах менен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Грозныйдагы стадиондо. 10-июнь, 2018-жыл.

Египеттин көзгө басар оюнчусу Мохаммед Салах өз өлкөсүнүн курама командасынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу өз маалымат булактарына таянуу менен "Aссошиэйтед Пресс" агенттиги жана CNN телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, буга таанымал футболчуга Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров "Жумурияттын ардактуу жараны" деген наам ыйгарганы түрткү болгон. Бул сыйлык Салахтын кыжырына тийип, ал өзүн "саясий кызыкчылык үчүн колдонулуп" жаткандай сезгени кабарланды.

Чеченстанда 23-июнда дүйнө чемпионатына катышып жаткан Египеттин курама командасынын урматына сый тамак уюштурулуп, Салахка ардактуу наам ыйгарылган. “Ливерпуль” командасынын оюнчусу футболдон тышкары башка иштерге аралашкысы келбегенин СNN телеканалынын өз маалымат булактары айтып беришкен. Ал эми Египеттин футбол федерациясы спортчунун мындай ниети тууралуу кабары жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG