Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:17

НАТО Македонияны мүчөлүккө кабыл алууну сүйлөшө баштайт


НАТОнун баш катчыcы Йенс Столтенберг. 11-июнь, 2018-жыл.

НАТОнун баш катчыcы Йенс Столтенберг 11-12-июлда өтчү Түндүк Атлантикалык Альянстын жыйынында Македонияны бул уюмга мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу расмий сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алынганы жатканын билдирди.

“Саммитте НАТОнун лидерлери [Македонияны] мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечет деп ишеним менен күтүп жатам”, - деди баш катчы 25-июнда.

Столтенбергдин билдирүүсү Европа Биримдиги менен НАТОнун мүчөлөрү болгон Греция менен Македониянын узакка созулган талашы чечилип, кийинкиси "Түндүк Македония Республикасы" деген аталышка ээ болгондон кийин жарыяланды.

Афины буга жооп катары Скопьенин НАТОго жана Евробиримдикке берген мүчөлүк арызына каршы болгон позициясынан баш тартты.

Балкандагы эки коңшуну - Греция менен мурдагы югославиялык Македонияны бөлгөн чек арадагы Преспа көлүнүн жанында 17-июнда кол коюлган келишимге ылайык, Македония эми Түндүк Македония Республикасы деп аталмакчы.

XS
SM
MD
LG